Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 17:24
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Сабырбек Жумабековду кимдер каралап жатат?

22.03.2021 11:51
577
Сабырбек Жумабековду кимдер каралап жатат?

"Кайдагы бир дөөпөрөс коллегабыздын сөзү да сөзбү, койчу эми унчукпайын өтүп кетсин"-деген сайын Сабырбек Жумабековду каралоо компаниясы каттуу иштеп баштагандай. Не болду урматтуулар, бир канча миллионго оорукана салдырууга күчү жеткени силерди уктатпай жатабы? Абайласаңарчы, столуна жатып калып жүрбөгүлө жалдырап. Ылайым силерди Кудай сактасын.

Буту колу жылбай калган адамдан 25 000 доллар сураптыр деген жомок каяктан чыкты? Анан андай оору бир сомго дарыланмак беле? Башка өлкөлөрдө ошондой оорулууну канча сомго дарылаарын сураштырып койдуңарбы? Кучагын жайып тосуп алып бекер дарылабаса керек. Сабыр байке бекер жасаган операциялар азыр чет өлкөдө миңдеген доллар турат. Жеке клиника ачып же күнүгө жанын койбой чакырып аткан казактарга кытайларга кетип ийсе күнүгө кабылдамасында дартына дабаа издеп олтурган миңдеген жүздөгөн оорулууларды силер дарылайсыңарбы? Ошол жерге барып айтып көргүлөчү ушул сөзүңөрдү? Андай эле арзан укмуш экен, Жумабеков көп сурайт экен, чет өлкөгө алып барбайсыңарбы? Аны эмне кармап жатасыңар жалдыратып? Суставдар укмуштуудай кымбат дарыланаарын уккан жок белеңер? Анжеликага бекер жасаптыр деп эле. Анжеликаныкы кырсык, бул аял баса албай жатат го таптакыр эле!! Туугандары да кызык экен, журналисттерди чакырып ызы-чуу салдырып. Ошентсеңер эле бекер жасай калабы? Ал суставдарга коюлчу аппараттар чет өлкөдөн келет. Бекер келбейт, аны дарыгерлер колу менен зымдан жасабайт. Президент айтмакчы, тиш чукугуч чыгара албасак, анан чет өлкөнүн аппараттары ошончо кымбат болооруна акылы жок мээңер жетпей атабы? Биздин медиктер иштеп жаткан аппараттарды азыр чет өлкөнүн таштандыларынан таппайсың. 

 Ошол эскини да эптеп кураштырып да ирээттеп, жанын үрөп иштеп жаткандарына ИЙИЛИП ТААЗИМ КЫЛСАК БОЛОТ! Ашыкча болуп атканда кичине тизгинди тартсаңар кесиптештер. Былтыр ушул убакта дарыгерлерге зар болуп жалдырап калбадык беле? унуттуңарбы? Кимден буйрутма алып атсаңар да айтып койгула, жок дегенде акыреттен корксун.


Баяна Кулова, журналист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ушундай еле акмакчылыктан Абдыкерим Сыдыков,Тыныстанов,Исакеев,Раззаковдор караланыа жок кылынган.