Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сабырбек Жумабековдун Россиядагы шакирттери Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

08.02.2022 09:08
802
Сабырбек Жумабековдун Россиядагы шакирттери Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Бишкек Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башчысы профессор Сабырбек Жумабековдун Россиядагы бир нече шакирттери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.


Алардын айтымында, Травматология жана Ортопедия борборун кайра тез жардам ооруканасы кылып түзүү өлкөдө травматология жана ортопедиянын талкаланышына алып келет.


"Урматтуу президент Садыр Жапаров, Бишкек шаарындагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборун кайра түзүү өлкөдө травматология жана ортопедиянын талкаланышына алып келет. Анын ордуна бул тармакты өнүктүрүүгө жол издеп, салым кошуу керек.

Эгер тез жардам ооруканасы зарыл болуп жатса жаңы ооруканаларды салыш керек. Биздин устатыбыз профессор Сабырбек Жумабеков өзүңүзгө маалым болгондой көптөгөн жарандардын сакайып кетишине себепчи болгон. Ошондуктан борборду өнүктүрүү жолун гана издөөнү сунуштайбыз",- деди Жумабековдун шакирттери.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн