Бишкек шаарындагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборуна Гулия Кожокматова директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.
Буга чейин ал Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын айтып, борбор кайрадан түзүлөрүн билдирген.
Эскерте кетсек, бир нече күндөн бери министр Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Сабырбек Жумабеков ортосунда тирешүү болуп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн