Салмоор Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты коопсуздук органдарына таянып билдирди.
Белгилүү болгондой, Салмоор Жумабеков бул кызматка дайындалганга чейин УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында жооптуу кызматтарда иштеген.
Эске салсак, Салмоор Жумабеков белгилүү хирургдун жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун уулу. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабековдун иниси.
Ал Райымбек Матраимовду кармагандан кийин элдин эсинде калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн