Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 03:30
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Сабиз 150 сом. Казакстанда сабиз жана картошкага болгон баа кымбаттады

18.06.2021 12:51
1945
Сабиз 150 сом. Казакстанда сабиз жана картошкага болгон баа кымбаттады


Казакстанда дагы сабиз менен картошка кымбаттап жатат, деп билдирди Sputnik Кыргызстан.


Sputnik Казакстандын маалыматына караганда, Актауда бир килограмм сабиздин баасы 800 теңгеге чыкты (150 сомдон ашык). Ал эми республика боюнча алып караганда орточо баасы 550 теңгени түзүүдө (108 сом). Картошка болсо 500 теңгеден (99 сом) сатылууда. Баанын өзгөрүп жатканын товар ташыгандар быйылкы жаңы түшүм менен байланыштырып жатышат.


Казакстандын интернет аймагында валюта курсу жазылган тактага сабиз менен картошканын сүрөтүн тартып, тамашалап жатышат. Бул жашылчалар азыр доллар менен евродон кымбат.


Эске салсак, Кыргызстанда жашылчалардын кымбатташынан улам, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз жана картошкану экспорттого убактылуу чектөө киргизүүнү пландоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн