Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сабиздин баасы эмне үчүн 100 сомго чыкканы боюнча түшүндүрмө берилди

16.06.2021 13:05
1336
Сабиздин баасы эмне үчүн 100 сомго чыкканы боюнча түшүндүрмө берилди


Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу сабиздин баасы эмне үчүн тездик менен өсүп кеткени боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал азык-түлүк коопсуздугу боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди. 


Анын айтымында, сабиз чет өлкөгө экпорттолууда. 


"Июль айынан баштап жер-жемиштерге болгон баа арзандай баштайт. Анын кымбатташы сабиздин ЕАЭБ өлкөлөрүнө көп экспорттолгондугунда. Былтыркы жылга салыштырмалуу сабиз эки эсе көп экспорттолгон. Ошого байланыштуу  ички рынокто запас аз калган", - деди министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн