Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Садык Шер Элмирбекти узатып жатып, өзү менен кошо элди да ыйлатты (видео)

22.04.2020 10:51
3494
Садык Шер Элмирбекти узатып жатып, өзү менен кошо элди да ыйлатты (видео)


Алп акын, кыргыздын чыгаан төкмөсү Кыргыз Республикасынын Эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өтүп жатат.


Коштошуу зыйнатына катышып жаткандардын бири “Айтыш” коомдук фондунуну негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз сөз сүйлөп жатып, Элмирбектин арманда кеткенине өкүнүп ыйлады.



Туура, ажал деген алат экен, өлүмгө эч ким туруштук бере албайт экен. Бирок жок 70 жашка чыгарып алсак эмне? Ошондо калайык калктын бары чогулуп, башына суусар тебетей, чепкен кийгизип, тулпар мингизип тойлобойт белек. Жок дегенде 50 жашка чыгарып, 7 дубанды бириктирип той берсек гана, 42 жаш деген эмне? Жарайын десең жар бүтүн, кирейин десең көр бүтүн болуп отурабыз, карачы. Айла жок ажырап турабыз”, - деп элди ыйлатты Садык Шер.



Ал белгилегендей, Э.Иманалиев кандай айтыш, кандай той, кандай сөз, кандай обон болбосун, Төлөгөн Касымбековдой алдыга суурулуп турат эле. "Кечээтен бери телеканалдар аркылуу Элмирбекти эскерүү иретинде берген кайталоо арларын кадимки тирүүсүндөй көрүп отурдук. Мына эми айла жок акыркы сапарга узатып отурабыз. Эркек киши ыйлабайт дейт, бүгүн ыйлай турган күн болуп турат”, - деп көз жашы кылды депутат.







 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн