Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 05:48
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Садык Шер-Нияз: Францияга элчи, ЮНЕСКОго өкүл болушум тууралуу соодалашуу болгон эмес

29.06.2021 12:55
766
Садык Шер-Нияз: Францияга элчи, ЮНЕСКОго өкүл болушум тууралуу соодалашуу болгон эмес


Урматтуу достор, мен Францияга элчиликке ЮНЕСКОго өкүл болуп кеткеним жөнүндө президенттин указын Таласта жүрүп уктум. Президентке ишеним көрсөткөндүгү үчүн кубанычтамын. Силердин куттуктоолорго дагы өзүнчө ыраазычылык. Ошону менен катар кээ бир суроолорго түшүндүрмө берип кетем. 


1. Президенттик ат салышуудан кандидаттыгымды алып жатканда бул жөнүндө сөз болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Кызмат үчүн соодалашуу менин кыялымда жок аны мени менен жүргөндөр жакшы билишет. Андан кийин да эч кандай жолугушуулар болгон эмес. 


2. Бул кызматка эмне үчүн дипломаттар барбайт дегенге менин оюмча ЮНЕСКОго маданият ишмерлери барса көбүрөөк жумуш аткарат деген ойдомун. Салттуу түрдө ошол багытта Ч. Айтматов баштап элчи болуп келген эмеспи. Андан кийин дагы бир топ маданият өкүлдөрү элчилик кызматты өрнөктүү аткарып, азыр да ийгиликтүү иштеп жатышат. 


3. Франсуз тили боюнча: англис тилин өздөштүргөм, франсуз тили деле көп кыйынчылык туудурбайт деп ойлойм.

Албетте оорчулуктар болорун түшүнөм буйруса чогуу жеңебиз.


Деги эле маданият ишмерлеринин колунан маданияттан башка эч нерсе келбейт деген коомдогу калпыс ойду жеңишибиз керек. 


Маданият баардык багыттын башаты деп айтаар элем. Жана ошону далилдегенге баардык күч аракеттерди жумшай беребиз.


Садык Шер-Нияз

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн