Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Садык Шер-Нияз КТРКны шайлоо учурунда таза иштеп берүүгө чакырды

10.06.2020 18:00
903
Садык Шер-Нияз КТРКны шайлоо учурунда таза иштеп берүүгө чакырды


Жакында шайлоо болот, ошол убакта мурдагыдай болбой КТРКнын жакшылап иштеп берүүсүн каалайт элем, деп билдирди депутат Садык Шер-Нияз бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.


Депутат Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө кайрылып, аларды шайлоо учурунда таза, так иштеп берүүгө чакырды.


Сиздер шайлоо кампаниясы учурунда жума сайын чогулуп, жыйналыш өткөрүп турушуңуздар керек. Анткени шайлоо өнөктүгүндө өтө ыплас иштер болушу мүмкүн. Ошол учурда тикеңерден тик туруп, кара кылды как жаргандай туруп бериңиздер”, - деп суранды эл өкүлү.


Белгилей кетсек, парламентте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Байкоочу кеңешинин отчету угулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн