Президентикке талапкер Садык Шер-Нияз Конституциянын жаңы долбоорунун сунушталышы боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана депутаттарга кайрылуу жолдоп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө алардын моралдык дагы, саясий дагы, тарыхий дагы укугу жок экенин эскертти.
“Силер сунуштаган Конституцияга элдин реакциясын көрдүңөр. Силерди эл демократияны өнүктүрөт, аны колдойт деп шайлаган. Силердин колуңарды бурап, ушул долбоорго кол койдуруп жатканын түшүнүп турам. Силердин Баш мыйзамды өзгөртүүгө моралдык дагы, саясий дагы, тарыхий дагы укугуңар жок. Бул шашылыш кадам жакшылыкка алып келбейт”, - деди ал.
Пикирлер (3)