Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садык Шер-Нияз Парижде кыргыз киносунун жумалыгын өткөрүүнү сунуштады

26.06.2023 10:14
1741
Садык Шер-Нияз Парижде кыргыз киносунун жумалыгын өткөрүүнү сунуштады


Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз Маданият министрлигинин Эл аралык байланыштар жана укуктук камсыздоо департаментинин директору Янник Фор жана көп тараптуу кызматташуу департаментинин башчысы Мэтью Бертон менен жолугушуп, маданият чөйрөсүнүндө эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде кинематографияны талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Садык Шер-Нияз Франциянын зор тажрыйбасын жана маданиятты өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин эске алуу менен, реставрациялоо боюнча тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз Республикасынын музей кызматкерлерин окутууга, музей экспонаттарын сактоо жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга квота киргизүүнү сунуштады.


Тараптар кинематография тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселесин да талкуулашты. Дипломат Парижде кыргыз киносунун жумалыгын жана Бишкекте француз киносунун жумалыгын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн