Жогорку Кеңештин депутаты, президенттик талапкерликтен баш тарткан Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Жаңы президентибиз кут болсун!
Ушунчалык элдин колдоосуна татыктуу болгон соң, татыктуу жеңишиңер менен куттуктайм.
Эми кудайдан сураналы: Ылайым Садыр Жапаров мурунку президенттердин тарыхын кайталабаган, тууганын эмес эмес ыйманын ойлогон, калкынын камын өзүнүн кара курсагынан бийик койгон мамлекеттик ишмер болсун. Оомийин!", - деген билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн