Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Садык Шер-Нияз: Садыр Жапаровдун сөздөрү элди экиге бөлүнүүгө алып келет

24.11.2020 12:51
1523
Садык Шер-Нияз: Садыр Жапаровдун сөздөрү элди экиге бөлүнүүгө алып келет

Садыр Жапаровдун кечээ айткан сөздөрү элди экиге бөлүнүүгө алып келет. Мындай пикирин бүгүн президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлердин маалымат жыйынында билдирди.


"Анын маегиндеги сөздөр элди экиге бөлүгө алып келет. Билдирүүнү карап көрүп арасында бири-бирине туура келбеген сөздөр болгонун көрдүм. Бирок элге берген таасири "менин командам жакшы, калгандары мага бут тоскон бузукулар" дегендей болуп жатат. Мындай сөздөр элди экиге бөлүшү мүмкүн. Биз акыйкаттыкты, калыстыкты айтып турушубуз керек. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып жазып алган деп тастыкталбаган маалыматты айтты. Текебаев Маевскийден 1 миллиион доллар алган дегени туура эмес", -деди Шер-Нияз.


Эскерте кетсек, 23-ноябрда Садыр Жапаров "7-каналга" интервью берип өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар боюнча пикирин билдирген.


https://www.super.kg/kabar/news/334151/

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Манас
Текенин көтүн жалабачы