Президенттик шайлоого аттанып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өлкөдө болуп жаткан окуялар жана саясий-экономикалык абал боюнча өз пикирин билдирди.
Ал президенттик шайлоого аттанып жатканын жана анда ашыкча каражат болбогонуна карабастан шайлоо өнөктүгүндө ал үчүн бекер иштеп бере турган ысымдарды да атап өттү. Алардын арасында ЖКнын мурдагы пресс-катчысы Ибраим Нуракун уулу, Шайырбек Абдрахман уулу бар. Азыр каржы булактары менен келишим түзүп жатканын да белгилеп өттү.
Талапкер Садыр Жапаровдун президенттикке катышарын туура түшүнөрүн белгилеп, азыркы учурда аны кара күн келгенде сатып кете турган адамдар айланасына топтолуп алганын да баса белгилеп кетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн