Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров парламентаризм жолу менен кете турган болсо колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Мындан сырткары, Садыр Жапаров көз карандысыз сот системасы жана парламенттик шайлоо босогосун 1%га түшүрүүнү колдосо, аны кубаттоого макул экенин айтты.
"Мен кызмат издеген адам эмесмин, мен идея үчүн күрөшөм. Садыр Жапаров өзүнүн позициясы менен кете турган болсо мен аягына чейин күрөшөм", - деп кайрылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн