Мурдагы маданият министри, режиссёр Садык Шер-Ниязга элчи жана Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуу сунушталган. Бул тууралуу “Репортёр” басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 31-мартта ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолуккан.
Жолугушууда аталган кызмат ага кызыктырарын билдирген.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы Париж шаарында жайгашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн