Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз эмне үчүн Садыр Жапаровду колдоп, талапкерлигин чакыртып алууну чечкени белгилүү болду. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу мекендештер, бүгүн Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолугуп, учурдагы саясий кырдаалды талкуулашты. Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президентикке талапкерлер консенсуска келди. Натыйжада Садык Шер-Нияз өз талапкерлигин алып салууну чечти. Ал эми Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, Садык Шер-Нияз козгогон сот реформасын колго алып, маданият жана билим берүү тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурмакчы болду. Ошону менен бирге Садык Шер-Нияз өлкөбүз президенттик эмес, парламентаризм багытында өнүгүшү керек деген позициясын мындан кийин дагы кармана бермекчи. Акыркы жыйырма күн ичинде бизди колдогон, көтөргөн идеяларыбызды туура түшүнгөн жана талапкерибиздин пайдасына отуз миңеден ашуун кол топтоп берген колдоочуларыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз", -деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (1)