Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садык Шердин чечиминин артында Бабанов турабы?

02.12.2020 11:28
664
Садык Шердин чечиминин артында Бабанов турабы?


Келишпес саясий позициялар да чай үстүндөгү баарлашуудан соң бири-бирине жуурулушуп кетерин Садык Шер-Нияздын акыркы кадамы көрсөтүп койгонсуду. Ал 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо талапкер катары чыгып, дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун президенттик башкарууга кайтып баралы деген аракетин катуу сынга алып жүргөн эле.


«Садыр мырза айткан жол – бул баары бир тоталитардык режимге алып барат. Президенттик башкаруу туура эмес жол экенин төрт жолу далилдеди. Кан төгүү менен дагы бүтө турганын далилдеди. Бирок, кайра бизди президенттик жолго киргизүүгө аракети бар Садыр мырзанын сөзүндө да ошол нерсе туру – президенттик башкаруу деген. Бул жол Кыргызстанга болбойт. Бул жол Кыргызстанды туңгуюкка алып барат», - деп айтканы буга далил.


Анан эле эки күн мурун ал Садыр Жапаровдун резиденциядагы үйүнө барып, чай үстүндө баарлашып отургандан кийин эле анын пайдасы үчүн президенттик жарыштан чыга турганын жарыялады. Мындай кадамга барганына ал Жапаров менен сүйлөшүүсүндө анын маданият темасында койгон маселелери 100% колдоо тапканы менен байланыштырды. Ал эми өлкөнү башкаруу формасы боюнча көз караштары мурдагы боюнча эле калганын билдирди. Ошого карабастан ал Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн талапкерлигин алып отурат.


Эми анын «Эгер Садыр Жапаров Конституцияга тийбей, парламентаризмди өнүктүрөм десе кош колдоп колдоого даярмын» деген сөзү кайда калат? Анын Садыр Жапаров менен келишкис позициясы дал ушул башкаруу формасында эмес беле?


Кыргыз саясатчыларында позиция деген нерсе жок экенин бул биригүү дагы бир жолу бышыктады. Жөн гана жеке кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу үчүн карапайым шайлоочулардын башын айландыруу, бири-бирине каршы коюу болуп келет экен. Бул талапкерлер үчүн канчалаган карапайым кыргызстандыктар бири-бирине каршы пикирлерди айтып да, жазып да алышкан. Бир чыны ысык чай баарын чечип койду.


Кече эле Садыр мырзанын 7-каналга берген интервьюсунун ар бир жообуна анализ жасап, өзгөчө сындап жаткан Садык мырза позициясынан кайтты. «Мага жогорку кызматтардын бири сунушталды, бирок андан баш тарттым» деп өзүн да пиарлап алганга үлгүрдү. Ошол эле убакта «Мага ишенимдүү булактардан айтышты, Садыр Жапаровдун криминалдар менен байланышы жок» деп кечээки оппонентин актап чыкты. Андай болсо резиденциядагы чайлашууда «Өлтүрүп кетебиз, жанчып салабыз» деп жаткан кызуу кандуу тарапташтар кимдики экенин да Садыр мырзадан бир ооз сурап койсо болмок экен.


Социалдык түйүндөрдө Садык Шер-Нияздын бул кадамын анын Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынган чечим деп жазып чыгышты. Эске сала кетсек, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин мамлекет башына келүү аракетин жасаган Бабанов, Ала-Тоо аянтынан «Мекенчилдердин» тарапташтарынын ур-токмогу менен куулган соң, Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген. С. Жапаров менен Ө. Бабановдун ортосунда да кызматташуу тууралуу оозеки макулдашуу болгон. Эгерде Жапаров мамлекет башына келсе, анда Бабанов өкмөт башына келиши мүмкүн. Убагында Максим Бакиев менен өтө ынак мамиледе болуп, «ийгиликтүү» иштешкен Өмүрбек Токтогулович Садыр Нургожоевич менен да ошондой иштеше ала турганына көзү жетип турса керек. Демек, ага азыр С. Жапаровдун жеңиши маанилүү. Ошондон улам ал Садык Шер-Ниязды өзүнө тартып, өтө чоң суммада акча каражатын бергенин ММКлар жазып чыкты. Ошондо Садык мырза Садыр мырзанын маданият тармагы боюнча ойлору 100% окшош чыкканы үчүн эмес, Бабановдун тузагына илингени үчүн шайлоодон четтегени түшүнүктүү болуп калып жатабы?


Баса, Жапаровдун штабынын негизги орундарында Бабановдун адамдары отурганын да айта кетели. Бабановдун мурдагы штабында иштегендердин баары азыр Садыр Жапаровдун штабында.


Ошондо мамлекет үчүн күйүп-жанып жатам деген саясатчылар канча акчага сууп калышат? Балким, Садык мырза шердигин көрсөтүп, ушул суроого да да чындыкты айтып берет чыгар? Биз аны акча алды деп күнөөлөгүбүз келбейт, болгону маалымат булактарында жазылып жаткандарга токтолдук. Мындай кептерди убагында жалган дегенибиз менен, убакыттын өтүшү менен баары эле чындык болуп калып жатпайбы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Принциптен кайтпаган бир гана Мадумаров бар