Президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакунованын ютубканалына кеңири маек курду. Анда ал буга чейинки бийлик алмашуулар шайлоолордун таза өтпөгөнүнүн айынан жүзөгө ашканын белгилеген.
Жапаровдун айтымында, добуш саткандарды дагы, сатып алып жаткандарды дагы камаш керек. Натыйжада кийинки шайлоолордогу мыйзам бузууларды ушундай жол менен токтотууга болот.
«2020-жылы шайлоонун кесепетинен үчүнчү жолу бийлик алмашты. Добуш сатып алуу, «Форма-2ни» ойлоп чыгып, бир айылдан экинчи айылга ташып барып, добуш бердирүүнүн айынан чыкты. Ошондуктан, мен тарыхтан сабак алдым деп маектеримде айтып жүрөм. «Форма-2ни» жоюп салдык. Эми бардык шайлоолор таза өтөрүнө ишендире алам, антпесе, төртүнчү революция болуп кетиши мүмкүн. Бир тырмоону кайра-кайра баса бергенден эл да, мамлекет да, мен да утпайм», — деген Садыр Жапаров маегинде.
Пикирлер (3)