Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жапаров - Мадумаров тирешинин башында кимдер турат?

02.11.2020 11:39
2802
Жапаров - Мадумаров тирешинин башында кимдер турат?


10-январга белгиленген президенттик шайлоого айрым талапкерлер азыртадан даярданууда. Учурда бул саясий иш-чарага катышуу үчүн 4 адам БШКга арыз менен кайрылды. Алардын катарында «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу» коомдук фондунун төрагасы Кубан Чороев, белгилүү коомдук ишмер, өзүн Кудай деп жар салган Арстан Алай, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти Назарбек Нышанов бар. Ошондой эле учурдагы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да буга чейин декабардын башында кызматын тапшырып шайлоого катышарын билдирген. Жогорудагы талапкерлер арасында С.Жапаров менен А.Мадумаровдун колдоочулары басымдуу экени айтпаса да белгилүү.


Акыркы кездери социалдык түйүндөрдө Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун колдоочулары тиреше баштады. Буга чейин Россиядагы Мадумаровду колдогон мигранттар Жапаровду айыптаган кайырлуу жолдосо, жакында Адахан Кимсанбаевичти айыптаган топ Москвадан билдирүү менен чыкты. Ошол эле учурда эки саясатчынын сүрөттөрүн колдонгон акаунттар бири-бирин айыптаган постторду тынымсыз жарыялап жатат. Ал эмес “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан 4-октябрда шайлоого алдыңкы тизмеде катышкан Орозайым Нарматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу С.Жапаровго ишеним калбаганын билдирип чыкты. “Мен "Садыр Жапаровду убагында "Кумтөр" масалеси үчүн ичкен ашымды жерге коюп, камалып, куугунтукталып жүрүп колдодум эле. Үмүттөр акталбады!”, - дейт ал өз кайрылуусунда.


Кыскасы, Жапаров-Мадумаров тиреши социалдык тармакта эбегейсиз күч алып, анын колдоочулары эки тарап болуп маалыматтык согушунда “кандуу жол” менен кармашып баштады. Мунун аягы эмне менен бүтөрү белгисиз. Эң кызыгы бул “согуштун” башында кимдер турат?


Канатбек Аскаров


Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Нурбек
Мадумаровду каралоо Садыр Жапаровдун колдоочулары тарабынан болуп жатат. Ич күйдүлүк болуп жатат. Мадумаров өтүп кетет деп атайын каралоо кылып жатышат. Мамлекет жөнүндө Садыр Жапаровдун тарапташтары ойлонбойт экен. Садырды үйлөрүнө алып барып алышсын андай болсо.
Эльзат Эльзат
Адахан Мадумаровду каралоону токтосун Алдахгым буйруса Адахан Мадумаров биздин президент болот ИншАллах!!!
Мээрим
Мадумаров татыктуу президент! Темирдей тартип.
Айзат
Мадумаровду каралоону токтотуш керек ☑️
Абдуллаева
Адахан Кимсанбаевичти каралаган сайын,Садыр Жапаровдун даражасы тушуп жатат .