Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүүнү тапшырды

10.02.2021 14:22
571
Садыр Жапаров  энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөржай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Кубанычбек Турдубаев жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөржайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттердин ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады.

Кубанычбек Турдубаев энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы республика калкын электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси өзгөчө маанилүү маселелердин бири экенин жана стратегиялык энергетикалык жабдуулардын ишин туруктуу сактоо атамекендик энергетика тармагынын ведомстволору менен чарбалык субъектилеринин биринчи кезекте көрүлө турган чарасы болуп саналарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра жаратуучу булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштердин тез арада баштоо зарылдыгына токтолду.

Келечекте өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуунун жана бүтүндөй энергосистеманын рентабелдүүлүгүнө жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоонун, республиканын өнөр жай потенциалын жогорулатуунун жана бул тармактарга кошумча инвестицияларды тартуунун зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн