Садыр Жапаровдун ырайымы менен бүгүнкү күнгө чейин 230 адам түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) маалымдады. Анда айтылгандай, дагы 38 соттолуучунун жаза өтөө мөөнөттөрү кыскарган.
Ошондой эле ЖАМК 1 800 адамга ырайым берүү боюнча чечим кабыл алынганын маалымдап, калган соттолуучулар жакынкы күндөрү эркиндикке чыгарын билдирген.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда мунапыс берүү боюнча документке колгон.
Пикирлер (3)