Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров 60 млн сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

13.08.2021 13:52
1044
Садыр Жапаров 60 млн сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», - деди Эрбол Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн