Исмаилова Аида Жекшенбаевна вице-премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн