Бүгүн, 27-январда, президент Садыр Жапаров Беларустун президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, белорус эли өзүнүн лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделээрине ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Александр Лукашенко Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн