Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди

03.06.2022 16:38
616
Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу комиссия түздү. Бул тууралуу. президент "Азаттык" радиосуна берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, Башкы прокуратура буга чейин эле министрликтин ишин текшерүү өтүнүчү менен кайрылган.


"Эсиңиздерде болсо 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. “Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле” деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз",- деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн