Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров БАЭ Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

02.12.2022 16:15
307
Садыр Жапаров БАЭ Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды улуттук майрамы — мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекетинин жарыяланган күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.


Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого негизделген достук мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп бекем ишенем.


Сизге бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын катында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн