Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.061
1.090

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

25.09.2025 09:10
163
Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун алдында мамлекет башчысы БУУнун Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.


Антониу Гутерриш Садыр Жапаровду тосуп алып, жолугушууга канааттануусун билдирип, Кыргызстандын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун өзгөчө белгиледи.


Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Уюмдун башкы катчысын жана бардык кызматкерлерин анын түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы менен куттуктады.


Ал Кыргызстан БУУнун толук кандуу мүчөсү катары Уставда бекитилген баалуулуктарга жана максаттарга берилгендигин жана климаттын өзгөрүшү, жакырчылык, жаңжалдар жана теңсиздик сыяктуу учурдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө дүйнөлүк коомчулук менен тыгыз кызматташууга умтуларын баса белгиледи.


Мындан тышкары, президент Антониу Гутерришди 2026-жылдын күзүндө Бишкекте Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтө турган "ШКУ+" саммитине катышууга чакырды.


Башкы катчы чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди.


Соңунда тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө, тынчтыкты, туруктуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерге өз ара умтулууларын ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн