Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугушуу учурунда билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарылдыгына токтолду.
"Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», — деп баса белгиледи президенттин м. а., премьер-министр Садыр Жапаров, Баткен облусундагы акыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берип.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн