Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:38
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Садыр Жапаров Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзамга кол койду

08.02.2021 11:59
804
Садыр Жапаров Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн