Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы менен сыйланды

21.06.2022 17:12
1369
Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы менен сыйланды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчысынын Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана тилектештик, достук жана өз ара түшүнүү рухун бекемдөө үчүн сыйланды.


Ошону менен бирге Садыр Жапаров Кыргызстанда спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинки катышуучулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасындагы Азия чемпионатын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия уюмунун президенти Даулет Турлыхановду “Даңк” медалы менен сыйлады.


Жолгушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн