Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттери өз ара виза режимин жоюп, Шенген визасы сыяктуу чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү аймактык виза түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды деп маалымдайт TRT Global сайты.
Маалыматта айтылгандай, бул идея Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси биротоло чечилгенден кийин пайда болгон.
«Жапаровдун айтымында, бул көйгөй жүз жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келе жатат жана тажик президенти Эмомали Рахмон менен келишимге кол коюу эки өлкө үчүн эле эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү кадам. Ал ошол учурдан тартып Борбор Азияга түбөлүк тынчтык орногонун баса белгиледи.
Кыргыз президенти бул келишимдин натыйжасында айрым жарандар өткөрүлүп берилген аймактардан көчүп кетүүгө туура келерин моюнга алып, бийлик аларга жакшы шарты бар заманбап турак-жайларды куруп берерин айтты.
Ошол эле учурда Жапаров Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өз өлкөсүнүн жарандары үчүн виза чектөөсүн алып салууну жана чет элдик туристтер үчүн бирдиктүү виза киргизүүнү сунуштады.
Учурда Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүнүн ортосунда визасыз режим иштейт, бирок анда айрым чектөөлөр бар. Маселен, Казакстан менен Тажикстандын жарандары Кыргызстанда чексиз мөөнөткө жүрө алса, өзбектер 60 күн болгондон кийин каттоого турууга милдеттүү. Бир гана Түркмөнстандын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери гана визасыз кире алышат.
Бирдиктүү виза идеясы 2018-жылы талкууланган. Ошондо бул демилгени Казакстандын мурдагы президентинин кызы Дарига Назарбаева көтөргөн. Жакында Казакстан менен Өзбекстандын бийликтери Жибек визасын ишке киргизүү планын жарыялашты, ал аймактын башка өлкөлөрүнө да жайылтылат. Бирок долбоор бир да жолу ишке ашкан эмес»,-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн