Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров Дастан Бекешев менен жолугуп, ага эмне убада берди?

02.12.2020 16:09
737
Садыр Жапаров Дастан Бекешев менен жолугуп, ага эмне убада берди?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. Бекешев жолугушуу  ачык жана жакшы маанайда өткөнүн кошумчалады.


"Садыр Жапаров  президенттик шайлоону акча жана административдик ресурстарды колдонбой таза өткөрүүгө убада берди. Мен да азырынча эч кандай басым жана акча таратуу болбогонун белгиледим.

Биздин максаттарыбыз окшош экен, бирок көз карашыбыз башкача болду. Экөөбүз тең өлкөнүн өнүгүшүн каалайбыз. Мындан улам, көз караштардын айырмачылыгы чыр-чатакка алып келбеши керек. Бардык жерде консенсуска келсе болот. Жапаров мени менен жолугушууда ачык болгондой таасир калтырды" ,- дейт ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Тушунуктуу