Жалган курандын 13, 2025
Убакыт: 17:42
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

13.03.2025 13:20
20
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болуп өттү.


Садыр Жапаров өз сөзүндө Эмомали Рахмонду маанилүү ички саясий окуянын – Тажикстандагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кыргыз тарап шайлоо процессинин уюштурулушун жогору баалаарын баса белгиледи, муну эл аралык байкоочулар, анын ичинде КМШ, ЖККУ жана ШКУнун Парламенттер аралык ассамблеяларынын миссияларынын курамындагы Кыргызстандын парламентарийлери да тастыкташты.


Мамлекет башчысы Тажикстан менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи.


"Биздин өлкөлөр байыркы тарых, салт жана маданият менен байланышкан. Биз негизги актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча окшош позициядабыз. Мунун баары өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн бекем негиз түзөт. Элдерибиздин биргелешкен аракетинин, саясий эркинин жана тынчтыкка жана ынак коңшулаштыкка умтулуусунун аркасында биз биргеликте конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзүп жатабыз", - деди Садыр Жапаров.


Бул контекстте ал Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын натыйжалуу ишин өзгөчө белгилеп өттү.


"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болоруна, ал биздин өлкөлөрдүн элдери жана кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарына ишенем. Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот", - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров жана кол коюла турган эки тараптуу документтер өз ара ишеним, достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүүсүнө жаңы дем берет деген ишенимин айтты.


“Бул багыттагы маанилүү кадам болуп чек арага жакын райондордун кызматташтыгын бекемдөө саналат. Бул жерде ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген биргелешкен маданий иш-чаралар өзгөчө роль ойнойт. Бул контекстте үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Худжанд шаарында өтө турган Ноорузду майрамдоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет", - деди Садыр Жапаров.


Президент Ноорузду чогуу майрамдоо Борбор Азия элдеринин тынчтыгын жана биримдигин символдоштурган жакшы салт болуп калат деген ишенимин билдирип, ага катыша тургандыгын айтты.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү кыргыз-тажик мамилелеринде артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин да белгиледи. Ал эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн, өзгөчө чек ара боюнча жөнгө салуунун ийгиликтүү аякташына байланыштуу олуттуу өсүүсүнө үмүт артарын билдирди.


Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу ынак коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин бакубаттуулугуна багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга карай кезектеги маанилүү кадам болуп калаарына ишеним билдирди.


Өз кезегинде президент Эмомали Рахмон жылуу меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн элдерин көп кылымдык достук жана ынак коңшулук байланыштырып турганын белгиледи.


"Биз бул байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даярбыз. Бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн чек аралары боюнча тарыхый чечим кабыл алабыз.  Чек ара боюнча келишим мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт. Ал эми кол коюла турган документтердин топтому тажик-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачат. Бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгы өз ара мамилелерди элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем", - деп баса белгиледи Тажикстан лидери.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн