Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров Эрдоган менен Түркияга боло турган иш сапарын талкуулады

26.02.2021 20:52
972
Садыр Жапаров Эрдоган менен Түркияга боло турган иш сапарын талкуулады

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.


Президент Садыр Жапаров түрк тарапка 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Өз кезегинде Садыр Жапаров дагы Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн