Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 23:40
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.815
0.865

Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

26.11.2024 20:51
13
Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Садыр Жапаров менен саламдашууда Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын президентине Берлинге болгон сапары үчүн ыраазычылык айтып, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кыргыз-герман мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Франк-Вальтер Штайнмайер Германия менен Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын үзгүлтүксүздүгү эки тараптуу мамилелердин өсүп бараткан динамикасынын жаркын күбөсү экенин белгиледи. Германиянын президенти инвестиция, гидроэнергетика жана билим берүү сыяктуу негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогдун өнүгүшүндө оң динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Ал Германиянын федералдык президентинин Кыргызстанга өткөн жылдын июнь айында жасаган расмий сапары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүгө олуттуу салым кошкон маанилүү окуя болгонун айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров регионалдык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында ийгиликтүү иштеп жаткан германиялык тарап демилгелеген “Германия - Борбордук Азия” диалогдук платформасынын ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын Европа Биримдиги (ЕБ) менен өнөктөштүгүн өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын баса белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюу саясий диалогду жана кызматташтыкты ЕБ менен да, Германия менен да чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда элдин бакубаттуулугун жакшыртууга, экономиканы чыңдоого жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган масштабдуу реформалар жөнүндө айтып берди. Коррупцияга каршы күрөшүүгө, ишкерлердин укуктарын коргоого жана Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана “Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Борбордук Азиядагы регионалдык интеграциянын маанилүүлүгүн жана климаттык чакырыктарды чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан Германиянын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү демилгелерин, анын ичинде “жашыл Борбордук Азия” программасын колдой тургандыгын жана бул жаатта активдүү кызматташууга умтуларын айтып өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн