Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ, 21-апрелде Бахрейнге расмий сапарынын алкагында падыша Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки жактуу аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.
Өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнүн пайдубалын түзө турган бардык деңгээлдеги алакаларды арттыруунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Бахрейн Падышалыгына расмий сапар менен барышы ал үчүн зор сыймык экенин өзгөчө баса белгиледи.
Ал эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачкан бул сапардын символдуулугун белгилеп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.
Бул контекстте президент Садыр Жапаров падыша Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн