Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров Индонезиядагы жер титирөөгө байланыштуу өлкө президентине көңүл айтты

22.11.2022 17:11
434
Садыр Жапаров Индонезиядагы жер титирөөгө байланыштуу өлкө президентине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.   Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

“Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 

 

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. 

 

Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн