Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогорку коюлат

04.11.2020 16:07
800
Садыр Жапаров: Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогорку коюлат


Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда болду. Жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. 


Жолугушууда Садыр Жапаров учурда иштеп жаткан тоо кен тармагындагы компанияларды атайын түзүлгөн комиссия ишмердүүлүгүн иликтеп чыгарын белдирген.  


«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, алар менен бир макулдашууга келебиз деген ойдомун. Мындан ары тоо кен тармагындагы ишканалар кайсы бир топтун эмес, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн иштейт», - деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле Садыр Жапаров тоо кен тармагынын продукциясын мындан ары концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюуларын белгиледи.

«Учурда адистер тоо кен тармагынын продукциясын концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр продукция катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбасаңыздар», - деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Жергиликтүү эл кен тармагындагы ишканалардын аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, жумуш орундар менен камсыз кылганын эске алуу менен инвесторлордун коопсуздугун жана алардын иштөөсүн камсыз кылуу керектигин белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча суроолор берилип, Премьер-министр айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн