Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарындагы эл менен жолугуп жатып билдирди. Анын айтымында, мындан ары инвесторлорго бардык шарттар түзүлөт.
“Инвесторлор үчүн эшигибиз ачык. Азыр бизге келип жаткандары абдан көп. Иш убыктымдын жарымын инвесторлор алып жатат. Мурда келгенде алардан майда чиновниктер акча сурайт экен. Мага 10 пайыз акчасын бересиң дегендер болуптур. Башка органдар ар кандай уруксат берүүчү кагазарды 6 айдан 1 жылга чейин созот экен. Муну биз жок кылабыз”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн