Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын онлайн отурумуна катышты

06.11.2020 19:25
993
Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын онлайн отурумуна катышты

Өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин видеоконференциясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Садыр Жапаровдун кызматка дайындалышы менен куттуктаган. Өз кезегинде Жапаров да аларга ыраазычылык билдирген. 


Садыр Жапаров өлкөдө толук туруктуулук орногонун жана бардык маселе мыйзам чегинде ишке ашарын белгиледи. Мындан сырткары Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен мурда кабыл алынган келишимдер жана кызматташтыктар өз нугунда уланарына токтолду. 


Кеңешме соңунда тараптар өлкөлөр аралык радиоактивдүү материалдарды чек арадан ташуу жана КМШга мүчө мамлекеттердин коомдун санариптик өнүгүүсү жаатында маалыматтык өз ара аракеттенүү кызматы боюнча документтерге кол койду. 


Кезектеги жыйын 2021-жылы 28-майда Минск шаарында өтө турган болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн