Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров: Кармалгандардын жакындары келип жатат

04.12.2020 11:32
984
Садыр Жапаров: Кармалгандардын жакындары келип жатат

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров азыркы учурда коррупциялык кылмыштарга айыпталып кармалып жаткан  жарандар боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.


"Башкы прокурор, УКМК,  ИИМ,  Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда: 

«Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар", -деп жазылат кайрылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн