Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:02
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Садыр Жапаров казак президенти менен эмнени талкуулады?

13.11.2020 16:41
466
Садыр Жапаров казак президенти менен эмнени талкуулады?

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым -Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.


Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди.


Соңунда Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн