Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

02.03.2021 11:34
437
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн