Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 16:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Садыр Жапаров: Келерки дүйшөмбү Конституцияга каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачам

20.11.2020 11:27
7273
Садыр Жапаров: Келерки дүйшөмбү Конституцияга каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачам


Коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча коомдо ар кандай пикирлер айтылып болуп жатат. Буга байланыштуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров да өз оюн Инстаграмдагы  баракчасы аркылуу жарыялады. 


"Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:

Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык.

Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам", - деп жазылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө. 

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Нурбек
Урматуу Садыр Ава биринчи кезекте кадыр маселесин 7олчоп бир кес дегендей отоо кылдат карабасаныз большой калды
Мамайтегин
Садыр Нуркожоевич, абга! Эл тандаган, эл шайлаган ажосуз! Кээ бир башы айлангандар ар кайсыны дөөрүй берет! Иннаугурациядан кийин толук кандуу жвмушка киришип, элдин мүдөөсүн канааттандыра бериңиз! Ишиңизге ийгилик, алга Кыргызстан, алга Садыр Жапаров!
Калия Осмонова
Окмот башы боло турган киши конкуренттерин ачык - айкын коркутуп, "жузу кара, акмактар" деп кыйкырып жазып жатат.Ушуну туура дейсиздерби? Эмне учун бир аз башкача ойлонгон жаран жузу кара , акмак болуш керек? Садыр озун Султан Сулейман сезип жатабы? ...
Кол
Келе албай жатып өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында, бул тез эле диктаторго айланат го
Марлис Букуев
Маданият дегенден да нөл экен. Кантип башкарат бул ,элди . Шору катты окшойт , бул элдин.