Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясына барганда жергиликтүү эл менен жолугуп жатып билдирди.
“Мыйзамдуу кен казган компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпашыбыз керек. Бир эле мисал “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары 20 млн доллар «Кыргыз алтын» дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн