Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:38:22
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди

20.12.2024 12:20
220
Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди


Кыргыз- тажик чек арасы толугу менен чечилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.

“Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди. Коңшубуз Тажикистан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Чек ара маселелери боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн, тынчтыкты жана туруктуулукту бекем сактоонун аркасында ийгиликтерге жетиштик. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ. Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага жакын жайгашкан аймактардын гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган мекендештерибиздин коопсуздугу түзүлдү. Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу болуп калды”, - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү да катышып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн