Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Кыргызстанда 12 жылдык окууга каршы эмес экенин билдирди

14.03.2024 16:19
136
Садыр Жапаров Кыргызстанда 12 жылдык окууга каршы эмес экенин билдирди


Өлкө башчы Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында Кыргызстанда 12 жылдык окууга каршы эмес экенин билдирди.


Жыйында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштаган. Президент "нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичине киреби" деген тактоочу суроо узаткан.


Министр нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичинде болорун айтып, бул учурда кандай өзгөрүү болорун түшүндүргөн.


"Азыр мектептердин баарында нөлүнчү класс же мектепке чейинки даярдоо класстары бар. Аларды мамлекет каржылайт. Биринчи класста ошол эле программалар кайталанат. Эгер 12 жылдык окуу кирсе, ошол нөлүнчү класстар 1-класс болуп, 11-класстар 12-класс болуп калат. Азыркыдан эч нерсе өзгөрбөйт. Окууну бүтөөрдө соңку үч жылда окуучулар ар кандай кесиптерге үйрөтүлөт. Балдар чач тарач, ширетүүчү, тигүүчү же ашпозчунун сертификатын кошуп алышат. Ал эми илим жаатына кетем дегендерге атайын класстар даярдалат", — деген Кендирбаева.


Минтистрдин түшүндүрмөсүн уккан соң президент сунушка макул экенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн