Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров Кыргызстанды “караңгы түндөн” чыгарабы?

29.01.2021 10:46
806
Садыр Жапаров Кыргызстанды “караңгы түндөн” чыгарабы?


Кечээ Улуттук филармонияда болуп өткөн президент Садыр Жапаровдун инаугурациясындагы сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин карапайым кыргызстандыктардын комада жаткан жан дүйнөсү аз-аздан эсине келе баштагандай болду. Көңүлдөр кубанып, үмүттүн оту жанданды. Рынок экономикасынын шарты ушундай, демократия деген ушул болот деп отуз жылдан бери алдым-жуттумдук алдыңкы орунга чыгып кетип, жан дүйнө баалуулуктары такыр унутта калды эле. 


Акыркы 30 жылдан бери эмнелер алдыңкы орунга чыкты? Келечек муун кайсыл кесипти, ким болуп иштөөнү эңсеп калды? Кимдерди үлгү тутуп, кимдерди карап түздөнүп жашап калдык? 


Жаштардын эң көп эңсеген кесиби юридикалык багытта болуп калганын жашыра албайбыз. Себеби, сот, прокуратура тармагында иштегендердин жашоосу кадимки бизнесмендердин жашоосундай эле байманалуу болуп калды. Бул кесипти тандагандардын көпчүлүгү тааныш-билиштер аркылуу кызматтарга кабыл алынышып, анан өздөрүнөн мурункулардын жасап келген иштерин улантып келишти. Ар кандай кылмыш иштерине карата чыгарылган чечимдер берилген акчанын суммасына жараша болуп келди. Жадакалса үй камагына чыгаруу үчүн дагы соттун оозун «майлаш» кадимки көрүнүшкө айланды. Азыр ушул 30 жыл аралыгында сот болуп иштегендердин дээрлик 70-80%ы бай жашайт. Жок эле дегенде ар биринин беш-алтыдан батири, 3-4төн кымбат баалуу машиналары бар. Алды 20дан ашык элиталык батирлерди, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан коттедждерди сатып алып коюшканын азыр УКМК казып чыгып жатат. 


Жаштар үчүн престиждүү кызматтардын алдыңкы сабында бажы кызматкери болуу да турат. Бул тармакта узак жылдар иштегендердин баары соттордон ашып түшкөн байлар. Себеби, чет мамлекеттерден келген товарлардын көпчүлүгү мыйзамсыз жол менен кирип келген. Ал товарларды ташыган ишкерлер тиешелүү адамдарга ар бир жүк ташуучу унаа үчүн «белгиленген» суммадагы каражатты (500-3000 долларга чейин) берип, эч тоскоолдуксуз эле чек ара постторунан өтүп келишкен. Анан бажы кызматкерлери байыбаганда кимдер байыйт эле? 


Жаштардын көпчүлүгү дароо эле Жогорку Кеңештин депутаты болуп калууну да эңсей турган болушту. Себеби, депутат эч нерсеге жооп бербейт. Кааласа жумушка барат, каалабаса барбайт. Жөн эле «кнопка» басып отурганы үчүн мамлекет айына 60-80-100 миң сомдон айлык төлөп берет. Жардамчыларың да бар. 200 миңден кем эмес отпускной аласың. Анан дагы кайсы бир ишкерлердин кызыкчылыгын көздөп парламент трибунасынан бакылдап койсоң, элиталык батир, кымбат баалуу жолтандабас минип калышың мүмкүн. 


Ата-энелер да балдарына үлгү катары ошол жакшы акча таап жаткан сотторду, бажы кызматкерлерин, депутаттарды таанытууга өткөн. Жалаң гана акча, байлык тууралуу сөз жүрүп, ошол элдин эсебинен байып, кайра элге азыраак жардам берип коюп жаткандарга ак баталар берилип, алкоолор айтылып жатса, өсүп келаткан муун башка кимдердей болугусу келет эле? 


Ошентип жан дүйнө комага түшүп калган. Маданият кызматкерлери, адабият өкүлдөрү бечаранын кейпин кийди. Коомду тарбиялай турган, туура жолду көрсөтө тургандар дал ушул тармактын өкүлдөрү эле. Тилекке каршы, аларга карата мамлекет тараптан жетиштүү камкордук көрүлбөй келди. Анан өздөрүнүн оокатын эптей албай жаткан маданият кызматкерлерин, акын-жазуучуларды өсүп келаткан муун кадырлап-барактайт беле? 


Алган айлыгы жол кире менен бир кап ундан ашпаган мугалим кантип окуучуларга бар дитин коюп, сабак өтөт? Ошондой айлыгы бар медиктер кантип оорулуу адамдан бир нерсе үмүт этпейт? 


Садыр Жапаров өз сөзүндө мындан ары маданият тармагы мамлекеттин камкордугуна алына турганын айтты. Ушул сөздү буга чейин бир дагы мамлекет башчысы мынчалык ишенимдүү айталек болчу. Жаңы президенттин бул сөзү эми иш жүзүндө аткарылат деген үмүттөбүз. Коомду тарбиялай турган, билимге сугара турган, саламаттыгын карай турган маданият кызматкерлери, мугалимдер жана дарыгерлерге мамлекеттик жетиштүү камкордук көрүлсө, жеп-жутарлардын тизгини тартылса гана өнүгүү болот. 


Отуз жыл бою өлкөбүздү кара туман каптап тургандай болду. Караңгы түндөн чыга албай келдик. Эми жаңы бийликтин келиши менен таң сүрүлүп баштоочудай болуп турат. Күткөнүбүз да ошол.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн