Кытайдын карызын Жетим-Тоодогу сырьё менен кутулса болот. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров КТРКнын имаратында өтүп жаткан “Де-Факто” гезитинин башкы редакторунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Биз кендерди эч качан башка мамлекетке бербейбиз. Бирок, Кытайдын карызын Жетим-Тоодогу сырьё менен кутулсак болот экен. Бул кенде 50 млрд. долларга бааланган сырьё жатат. Эгер биз Кытайдын карызын ошол кендеги сырьё менен кутула турган болсок, биз аларды киргизбей туруп чек арага жеткирип беребиз. Бул бир жолу, башка дагы 2-3 варианты бар, эми аны кийин сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн